Коомдук иш-чараларга окуучуларды пайланууга тыюу салынат: Эс-учун жоготкон окуучулар жана студенттер (сүрөт, видео)

Коомдук иш-чараларга окуучуларды пайланууга тыюу салынат: Эс-учун жоготкон окуучулар жана студенттер (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Өкмөт мындан ары коомдук иштерге окуучуларды пайланууга тыюу салат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кара-Суудагы мектептин ачылышын күтүп турган окуучулар өзүн жаман сезгени тууралуу маалыматка комментарий берип жатып билдирди.

Анда: «Жаңы мектептин ачылышына байланышкан иш-чараны баштоо саат 12:00гө пландалган. Биз саат 11:20да барып, 10 мүнөттөн кийин — саат 11:30да иш-чара башталды. Албетте, окуучуларды тизип коюуга эч ким буйрук берген эмес. Ал айылдагы мектеп 10 жылдан бери курулуп жаткандыктан, эл көптөн бери күткөн иш-чара болчу. Мындай иш-чараларга балдарды пайдаланууга тыюу салабыз», - деп айтылат.

Кара-Суудагы мектептин ачылыш аземинин башталышын күткөн окуучулардын башы айланып, алар тизилип турган катардан чыгарылганы тууралуу Turmush басылмасы маалымдаган. Маалымат боюнча, окуучулар концерттик программага 2,5 саат мурун даярдана башташкан. Даярдык көргөндөн кийин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган делегацияны күтүп турушканда өздөрүн жаман сезишкен.

Буга чейин да ар кандай иш-чараларда окуучулар эс-учун жоготкон учарлар болуп келген.

31-августта Жалал-Абад шаарында Эгемендүүлүк күнү белгиленип жаткан майрамдык салтанаттын расмий аземинде туу көтөрүп турган студент эсин жоготуп коё жаздаган.

Окуяга күбө болгон Замирбек Тойчубаев: «Мен ошол жерде майрамдык салтанатты камерага тартып жаткам. Трибунада шаар мэри жана аксакалдар кеңешинин өкүлү чыгып сүйлөп жатышкан. Бир учурда алардын арт жагында туу көтөрүп турган жигиттердин бири өзүн жоготуп, эки жакка жыла баштады. Аңгыча мен барып, колунан сүйөп кармап, жетелеп сыртка алып чыгып, коопсуздукту көзөмөлгө алган милиция кызматкерлерине өткөрүп бердим. Андан кийин баланы алар ошол жердеги тез жардам унаасына алып барып, биринчи жардам көрсөтүлдү», - деп билдирген.

Ошондой эле туу көтөргөн экинчи студент жигит да өзүн жоготкондо жардам берип, тез жардамга алып барганын, андан кийин эмне болгонун сураганда эртең менен эрте келип даярданганын, ошондон бери ачка жүргөнүн айтканын кошумчалаган эле.

Кийинчерээк аталган жигиттер шаардагы жогорку окуу жайдын 1-курсунун студенттери экени маалым болот. Алар медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.

16-августта Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин 5 кабаттуу окуу имаратынын ачылышында студент кыз эс-учун жоготуп жыгылган. Ал ачылыш аземдин башталышын күтүп турган жерден кулап түштү, деп билдиришкен эле күбөлөр.

Ал дүйнөдөгү өлкөлөрдүн бирине таандык улуттук кийимчен болгон. Ага ошол жерде жүргөн адамдар жардам көрсөтүшүп, бир аз убакыттан кийин өзүн жакшы сезген кыз иш-чарага катышуусун уланткан.

Кийинчерээк маалым болгондой, эс-учун жоготкон кыз ОшМУнун студенти.

1-сентябрда саат 08:30 чамасында Ош шаарындагы Казак президенти Н.Назарбаевдин атынан курулган «Жетиген» мектеп-лицейинин ачылыш аземинде тизилип турган окуучулардын бири эс-учун жоготуп жыгылган. Дарыгерлер тийиштүү жардам көрсөткөндөн кийин гана окуучу бала (6-7-класс) өзүнө келди, деп билдирген кабарчы.

Дарыгердин айтымында, жыгылган окуучу эртең менен жакшы тамактанбай чыккан.

598a2c37d575d958cb74fac25a10d0fc_500_0_0a70e402a83ca0a48c9164ef16fdcf55a_500_0_0

Ошондой эле 31-августта Ош шаарынын Озгур айылындагы «Семетей» бала бакчасынын ачылыш аземинде бийлик өкүлдөрүн күтүп тизилип турган окуучу кыздардын бири (кыргыз көйнөкчөн болгон) жыгылган. Бала бакчанын ачылышына биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев белгиленген мөөнөттөн кечигип барышкан.

97c8b64cd26e6f798db2dc39124c11a06f5f05eeb89040bdb53aca12fe6d6ebf

Эскерте кетсек, 2015-жылдын май айында ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги балдарды жана окуучуларды мамлекеттик жана балдардын майрамдарынан башка расмий иш-чараларга тартууга тыюу салуу боюнча буйрук чыгарган.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up