Москва районундагы №1 гимназияда коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы белгиленди

Москва районундагы №1 гимназияда коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы белгиленди

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу айылындагы №1 гимназия мектебинде «Кыргызстандын белгилүү инсандары» деген темада алгачкы коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган конференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Айымкан Молдокулова билдирди.

Анын айтымында, алгачкы коомдук ишмер С.Ибраимовдун өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн чагылдырган видеотасма көрсөтүлдү. Ал төмөндөгүдөй этаптарды камтыды:
- Кыргызстандын белгилүү инсандары;
- «Мен бийлик, мансап эмес, элдин жыргалчыгы үчүн эмгектенем» деген ураандын алдындагы ишмердүүлүгү ж.б.

«Жаштарды тарбиялоодо ушул инсандардын өмүрүн өрнөк тутуу өзгөчө орунду ээлейт. Алардын басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын тарыхый далилдер менен тастыктап, үйрөтүү биздин атуулдук да, мугалимдик да парзыбыз. Мына, 17 жашында тракторист болуудан баштаган Султан Ибраимовдун билими, ак эмгеги менен бийликтин жогорку бутактарында эмгектенүүсү өрнөк өмүр», - дейт А.Молдокулова.

Окуучулары, мугалимдер жамааты катышкан конференцияда өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн көрсөткөн тарых мугалими Фариза Ашырбаеванын аракети башкаларга үлгү экендиги айтылды.
С.Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара «Эл эмгектен эскерет» деген темадагы класстык сааттар менен коштолду. Ошондой эле жогорку класстын окуучулары «Мен өлкөмө кандай салым кошо алам?» деген темада эссе жазышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up