Экинчи эне: Шаардагы мектепте, кийин айылда англис тилин окуткан таластык Динара Султанова — билим берүүнүн мыктысы

Экинчи эне: Шаардагы мектепте, кийин айылда англис тилин окуткан таластык Динара Султанова — билим берүүнүн мыктысы

Талас районунун Сасык-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Динара Султанова Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинде чет тили мугалими болуп эмгектенип келет. Ал — бир канча райондук, облустук сыйлыктардын жана «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисинин ээси.

«Мен Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын кызымын. 1985-жылы Кыргыз кыз-келиндер педогогикалык окуу жайынын чет тилдер бөлүмүн аяктадым. Алгачкы эмгек жолум Таластагы Бакай-Ата районунун Чалдыбар жатак мектеп-интернатында башталды. 1987-жылдан тарта Талас шаарындагы №7 орус тилдүү мектепте англис тили мугалими болуп, 2001-жылга чейин иштедим. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2001-жылдан тарта Талас районунун Сасык-Булак айылына көчүп бардык да, Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектепте чет тилдер мугалими болуп иштеп баштадым.

Негизи, шаардын мектебиндеги балдар менен айыл мектебиндеги окуучулардын айырмасы өтө чоң болот экен. Айылдагы окуучулар боорукер, тилиңди алып, тартиптүү келишет. Бирок үй тиричиликтери көп болгондуктан, көбү мектепке жумуш кылбайын деп келгендери да болот.

Айылдагы өзүбүздүн мектепке келгенде көбүнчөсү түшүнбөй, тапшырма берсем аткарбай келип жатышты. Аябай капа болуп, «эмне шорума келдим экен?» деп наалып жүрдүм чынында. Бир аябай жакшы окуган кыз мага келип, «эже, сиздин шоруңузга келсеңиз, биздин бактыбызга келдиңиз» деп айтып кетти. Ошондон кийин такыр кейибей, кайталатып, класстарды алдыга сүйрөп отуруп, окуттум. Баягы жалкоо окуучуларым жакшы окуп, сабагыма кызыгуулары пайда болгон. Сабагымды негизи инновациялык, коммуникативдүү методдор менен өтөм. 1 окуучум облустан 1-орунду алып, республикалык олимпиадага чыгып жүрөт», - дейт Д.Султанова мугалимдик кесиби тууралуу.

Динара Султанова бир канча райондук, облустук ардак грамоталардын ээси жана Билим берүүнүн отличниги. «Сабак берүүдөн тышкары, эл аралык долбоорлор менен иштешип, айылдагы мектепке чет тилдер боюнча ресурстук борбор, анын чакан китепканасын ачтык. Учурда Сасык-Булак айылынын окуучулары сабакты айпад колдонуп окушат. Жалпы 28 айпад бар. 2011-жылы сынактын негизинде 6 аптага созулган билим берүү багыты боюнча Америкага барып келдим. Айыл болобу, шаар болобу, балдарга билим алууга шарттар, анан кесипкөй мугалимдер керек деп эсептейм. Өзүм методика боюнча тренер катары 2011-жылдан тарта иштейм», - деп айтып берди ал.

Чет тилчи мугалим кичинесинен гүл өстүрүүгө кызыгат. «Үйдө, мектепте, кабинетимде гүлдөрдүн түрлөрү көп. Эң эле сүйүктүү гүлүм — Бугензиллия гүлү. Анын 6 түрүн өстүрөм. Окуучуларым эл керегине жараган инсандардан болушун каалайм»,- деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Д.Султанова үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Сиз дагы сүйүктүү мугалимдер жөнүндө, билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up