Окуучулар 3 нөөмөт менен окуп келген Өзгөндөгү мектепке 16,4 млн сомго кошумча окуу имараты курулду

Окуучулар 3 нөөмөт менен окуп келген Өзгөндөгү мектепке 16,4 млн сомго кошумча окуу имараты курулду

Билим АКИpress - Өзгөн шаарында класстардын жетишсиздигинен улам 3 кезмет менен окуган окуучулар үчүн кошумча окуу имараты салынды. Бул туурадуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдирдишти.

Маалым болгондой, Өзгөн шаарындагы С.Шарипов атындагы орто мектебинде окуучулардын көптүгүнөн улам бир топ жылдан бери 3 нөөмөт менен окууга аргасыз болуп келишкен. Мектептин окуу имараты 28-сентябрь күнү вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын катышуусунда пайдаланууга берилген.

Салижан Шарипов атындагы орто мектебине 100 орундуу кошумча имараты жергиликтүү бюджеттин эсебинен 16 млн 404 миң сомго курулду. Буга чейин аталган 864 орундуу мектепте 2 миң 487 окуучу 3 кезмет менен окуп келишкен. Учурда окуучулар жаңы имаратта 2 нөөмөт менен окуп жатышат.

Мындан сырткары, Өзгөн шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 бала бакча салынып, ишке кирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up