Эчки-Башы айылында ардагер мугалимдерди куттукташты

Билим АКИpress - Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылындагы ардагер мугалимдерди 1-октябрь — Карылар күнү менен куттукташып, сый тамак уюштурулду. Иш-чарага айылдагы мектепте иштеп, учурда ардактуу эс алууда жүргөн агай-эжейлер чакырылып, алардын урматына арналып уюштурулган чай үстүндө отурушту. Аларды майрамы менен куттукташып, басып өткөн жолдорун эске салышып, аңгеме курушту.

Ардагерлерге мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерт тартууланып, каалоо-тилектер айтылып, чакан белектер берилди. Өз кезегинде, урмат-сый ээлери көрсөтүлгөн сыйга ыраазычылыктарын билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up