Кеминдеги мектепте акын, журналист Калыбай Осмоналиевдин 80 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Кеминдеги мектепте  акын, журналист Калыбай Осмоналиевдин 80 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 28-сентябрында Кемин районундагы Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде акын, журналист Калыбай Осмоналиевдин 80 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси, акимдин орун басары Айгүл Курманалиева билдирди.

Анын айтымында, КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы №72 буйрутмасы менен бекитилген мааракелик иш-чаралардын тизмесине акын, журналист Калыбай Осмоналиевдин 80 жылдыгын белгилөө киргизилген. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аталган буйрутма бардык тиешелүү мекеме-уюмдарга, айыл өкмөт, шаар мэрлерине аткарууга жөнөтүлгөн.

Өткөрүлгөн иш-чарага кыргыз элинин акын-жазуучулары, К.Осмоналиевдин замандаштары, акын-жазуучу Сейит Жетимишев, СССРдин эл артисти Дарика Жалгасынова, акындар Акбар Рыскулов, Гүлсайра Момунова, Асан Жакшылыков жана башка белгилүү инсандар катышты. Алар Калыбай Осмоналиев жөнүндө эскерүүлөрүн, өздөрүнүн каалоо-тилек, ой-пикирлерин билдиришти. Ошондой эле ырларын окуп, обондорун созуп беришти.

Б.Юнусалиев атындагы мектепте Калыбай Осмоналиев атындагы кабинет ачылды. «Кабинеттин ачылышы да жаштар үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп кетким келет. Акын, журналисттин кичинекей жердештери бул мектептен мыкты билим алып, мыкты сапаттарга каныгууга, эл-жер үчүн патриот болууга жердешинен үлгү алып келишет. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, ким билет, балким ушул кичинекей жеткинчектердин арасында келечектин улуу инсандары өсүп жаткандыр», - деп белгиледи Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Дуйшебаев. Ал кабинетке китептерди белек кылды.

Аталган мектептин окуучулары жана мугалимдери тарабынан концерттик программа тартууланып, К.Осмоналиевдин жакындары тарабынан куран окутулду.

Акын, журналист Осмоналиев Калыбай Жусупович (Барктабас) (1938–2000) Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1938-жылы 27-майда туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 1964-жылы «Жоогазын» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.

К.Осмоналиев өзүнүн эмгек жолун Кыргызстан ЛКЖС БКсында инструктор болуп иштөөдөн баштаган. 1964-жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы ЖПМга окууга жиберилип, 1965-жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын аппаратында лекторлор тобунун башчысы, маданий-агартуу секторунун башчысы, 1965-жылы пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1967-1986-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин башкы редактору, 1986-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, Чүй мамлекеттик администрациясынын басмасында катчы болуп эмгектенген.

1980-жылы К.Осмоналиевдин «Кыргыз очерктеринин жанрдык эволюциясы» аттуу китеби басылып чыккан. Анын ырлары украин, казак, уйгур тилдерине которулган.

К.Осмоналиев Расул Гамзатовдун, Борис Степанюктун, Коснусь Килиенконун, Юрий Айдаштын, Керим Курбаненковдун, Лев Ксельруддун, Түмөнбай Молдогалиевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

К.Осмоналиев СССР Жазуучулар союзунун биринчи съездинин делегаты, Кыргызстан Жазуучулар союзунун пленумунун жана Кыргызстан Журналисттер союзунун аткаруу комитетинин мүчөсү болгон.

Эмгектеги каармандыгы үчүн В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ардагери», «Манас–1000» медалдары, Кыргыз ССРинин ЖКнын Ардак грамоталары, ВЛКСМдын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Кыргызстан Журналисттер союзунун ррамоталары менен сыйланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up