Кош-Дөбөдөгү мектепте ардактуу эс алуудагы мугалимдерге сый көрсөтүлдү

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинде 1-октябрь — Карылар күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мектеп жамааты ардактуу эс алуудагы эже-агайларды чакырып, сый көрсөтүштү. Ошондой эле ардагер мугалимдер үчүн сый тамак уюштурулуп, окуучулар чакан программадагы концерт тартуулашты.

«Иш-чаранын максаты — «Карыга сый көрсөтсөң, сый көрөсүң» дегендей, улуу эже-агайлардын эмгектерин эске алып, сый-урмат менен мамиле кылуу», - дейт А.Нусупова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up