Ат-Башынын Бирлик айылындагы мектепте англис тилинен мугалим жетишпей, 1 айдан бери сабак үзгүлтүккө учуроодо

Ат-Башынын Бирлик айылындагы мектепте англис тилинен мугалим жетишпей, 1 айдан бери сабак үзгүлтүккө учуроодо

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектебинде англис тили мугалими жетишпей, сабак 1 айдан бери үзгүлтүккө учуроодо. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, аталган орто мектепте англис тили мугалими жетишпей, 1 айдан бери окуучулар англис тили сабагын өтүшө элек. Бул маселе боюнча мектеп директору Айбек Исаев быйылкы окуу жылында англис тили мугалими жетишпей жатканын райондук билим берүү бөлүмүнө жана секция жектичилигине билдиришкендерин айтты.

«Андан сырткары мектеп директорулоруна байланышып, «саат сураган ашык мугалимдер болсо, кабарлашкыла» деген өтүнүчүмдү билдиргем. Жыл башынан бери 2 мугалим иштегени келген. Бири окууну жаңы бүткөндүгүнө байланыштуу «Бишкек шаарынан документтерди алып келем» деген боюнча кайрылган жок. Экинчиси Ат-Башы районунун борборунан келген. Ал дагы үй-бүлөлүк иштер менен келе албастыгын билдирди.

Өзүбүздө 2 мугалим англис тилинен сабак берет. Быйылкы жылы экөө тең декреттик эс алууда. Мектеп директорлоруна 10 саат гана сабак өтүүгө уруксат берилгендиктен, 3-6-11-класстарга сабак өтүп жатам. Быйылкы жылы жаңы мектеп имаратынын салынып бүтүп жаткандыгына байланыштуу менин жумушум абдан көп болуп жатат. Бардык сабактын милдетин алып алсам, окуу үзгүлтүккө учурайт. Ошондуктан мүмкүнчүлүгүмө карап сабак өтүүдөмүн», - деп айтып берди А.Исаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up