Илимдин кандидаты, билим берүүнүн мыктысы Кыялбек Акматов 15 жылдан бери окуучуларга да, студенттерге да билим берүүгө жетишүүдө (сүрөт)

Илимдин кандидаты, билим берүүнүн мыктысы Кыялбек Акматов 15 жылдан бери окуучуларга да, студенттерге да билим берүүгө жетишүүдө (сүрөт)

Ош шаарындагы «Жетиген» мектеп-лицейинин директору, ОшМУнун педагогика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси Акматов Кыялбек Камутович 15 жылдан бери мектеп менен университетте айкалыштырып эмгектенип келе жатат.

Кыялбек Акматов 1983-жылы 29-мартта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Садырбай айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кара-Суу районундагы №107 «Кызыл-Гайрат» (азыркы А.Жунусов атындагы) орто мектебин бүтүргөн. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, 2005-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек жолун 2001-жылы студент мезгилинде эле Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназиясынан баштаган. 2005-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы кафедрасында окутуучу, 2007-жылы педагогика кафедрасында ага окутуучу, 2012-жылдан баштап доценттик кызматта эмгектенип келе жатат.

2011-жылы Бишкек шаарында «Окуучулардын адеп-ахлактык түшүнүктөрүн калыптандыруунун педагогикалык шарттары» деген темада кандидаттык ишин коргогон. Учурда «Орто мектепте акын-жазуучулардын өмүр баянын чыгармалары менен биримдикте окутуунун илимий-методикалык негиздери» деген темада доктордук диссертациянын үстүндө иштеп жатат. 2005-жылы республикалык «Үлгүлүү мугалим - 2005» кароо-сынагында 1-орунду багындырган.

К.Акматов орто мектептин мугалимдери, окуучулары, жогорку окуу жайдын студенттери үчүн кыргыз тили жана адабиятын окутуунун усулдары, педагогика тармагында окуу китептери, илимий-усулдук колдонмолору, монографиялар менен камсыз кылуу максатында көптөгөн эмгектерди жаратып келүүдө. 150дөн ашык илимий жана усулдук эмгектер, анын ичинде 2 монография, 4 окуу китеби (Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен), 60 илимий усулдук басылмалар, 100гө жакын илимий макалалары басылып чыккан. Кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча жаңы предметтик стандарттардын, окуу программаларынын авторлоштурунун катарында да эмгектенди.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 6-класстын кыргыз адабиятынын, 6-класстын адеп окуу китептеринин, окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 10-11-класстарынын кыргыз адабияты окуу китептерин авторлош катары жазган.

К.Акматовдун, айрыкча, орто мектепте тарбиялык иштерди уюштуруунун технологиялары, класс жетекчилик, социалдык педагогдун ишмердүүлүгү багытында 30дан ашуун китептери жарык көргөн. Республиканын мектептеринде пайдаланылып жаткан «Класс жетекчинин журналы» колдонмосуна Кыргыз патент тарабынан күбөлүк алынган. Жакында жарык көргөн 8 китептен турган «Тарбия» комплекси, «Окутуунун жаңы технологиялары», «Айтматовду мектепте окутуу» (1-2-китеп, авторлош), «Педагогика», «Социалдык педагогдун маалыматнаамасы», «Кыргыз этнопедагогикасы» (авторлош) китептери мектептердин жана жогорку окуу жайлардын, колледждердердин китепканаларынан орун алып, пайдаланылып жатат.

Кыялбек Акматов үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун атасы.

Сиз дагы сүйүктүү мугалимдер жөнүндө, билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up