Мугалимдер.kg: Мугалимдин үй-бүлөсүнөн чыккан Кадырбек Абдылдаев өзү да 34 жылдан бери окуучуларга билим берип келет

Мугалимдер.kg: Мугалимдин үй-бүлөсүнөн чыккан Кадырбек Абдылдаев өзү да 34 жылдан бери окуучуларга билим берип келет

Билим АКИpress - Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы «Мугалимдер.kg» рубрикасын ачты. Анда Кыргызстандагы мектептердин жөнөкөй мугалимдери тууралуу сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Алай районунун №2 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдылдаев Кадырбек Камалович. Эмгек стажы — 34 жыл.

- Эмне үчүн сиз мугалимдик кесипти тандадыңыз?
- Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө туулганмын, ата-энем мугалим, ошол себептен ушул кесипти тандадым. Себеби мугалимдик кесип мен үчүн эң ардактуу кесип деп билем жана да балдардын жан дүйнөсү таза, алар менен иштөө кызыктуу жана мага жагат.

- Мектепте кандай окугансыз? Кайсы сабактарды жакшы көрчү элеңиз? Жакпаган сабактар?
- Мектепте мен «4», «5» деген бааларга окугам. Отличник болгон эмесмин. Гуманитардык багыттагы бардык сабактарды кызыгуу менен окучумун, өзгөчө, кыргыз адабияты, тарых, география сабактарын берилүү менен окур элем.

- Мектеп турмушундагы кайсы окуя көпкө чейин сиздин эсиңизде сакталып калды?
- Менин бүтүрүүчү класстарымдын 10 жылдан кийинки келген учурундагы жолугушуу өзгөчө эсимде. Алар таанылгыстай өзгөрүп, кичинекей балдар-кыздарын жетелеп келгени мени аябай толкунданткан. Алардын аз эле убакыттын ичинде өзгөргөндөрүнө, татыктуу бир кесиптин ээлери болгондугуна аябай сыймыктанм.

- Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз? Сүйүктүү ишиңиз жана хоббиңиз?
- Чындыгында мугалим болгондуктан, менин бош убактым аз. Айылда жашагандыгыма байланыштуу үйдүн чакан чарбалык иштери менен алектенем, досторум менен шахмат ойнойм, тарыхый окуялуу адабий китептерди окуйм.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up