Ысык-Көлдөгү кесиптик лицейлер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Көл районун Кош-Кол айылында жайгашкан №85 кесиптик лицейинде облустагы 8 кесиптик лицейдин арасында волейбол оюну боюнча спартакиада өттү.

Кесиптик лицейлер арасындагы спартакиада 13 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, Эл аралык академиянын академиги, кесиптик билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер Ильяз Касендеевдин жаркын элесине арналат. Спартакиаданын салтанаттуу ачылыш аземи болуп, келген командалар параддан өтүштү. Ошондой эле концерттик программа тартууланып, андан соң 8 команданын таймашы жүрдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up