Депутат университеттер бюджетин кантип короторун текшерүүнү суранууда

Депутат университеттер бюджетин кантип короторун текшерүүнү суранууда

Билим АКИpress - Депутат Акылбек Жамангулов («Республика — Ата Журт») университеттер бюджетин кантип короторун текшерүүнү суранууда.

«Мен Билим берүү жана илим министрлигинен университеттердин бюджети боюнча расмий маалымат алдым. Мисалы, КУУнун жылдык бюджети 1 млрд сомдой сумманы түзөт, КОСУнуку — 500 млн сом, ЖАМУнуку — 200 млн сом, ОшМУнуку — 1 млрд сом, БатМУнуку — 700 млн сомго жакын. Мен эмне үчүн бул сандарды угузуп жатам? Токмок шаарынын бюджети, мисалы, 148 млн сом. ЖОЖдор ошончо каражаттарды чогултуп жаткандан кийин, демек, студенттер үчүн шарттар түзүлүшү керек, ЖОЖдун имараты жогорку деңгээлдеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшү кажет, мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылышы зарыл. Бирок, эч нерсе кылынбай жатат», - деди ал 4-октябрда парламенттин жыйынында.

«Биз университттер каражаттарды кантип короторун текшеришибиз керек. Эгер ал жакта коррупциялык түзүмдөр бар болсо, аларды таап чыгуу зарыл. Биз жыл сайын келишимдик негизде окутуунун баасын көбөйтпөй, тескерисинче, сумманын көбөйүшүнө алып келишибиз керек», - деп кошумчалады депутат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up