Өзгөндөгү мектептерде физика мугалимдеринин семинары өттү

Билим АКИpress - Өзгөн районундагы П.Жолдошов атындагы орто мектебинде физика предмети боюнча «Физика сабагында окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу» деген темада усулдук күн өткөрүлдү. Ага ОшБИнин физика каанасынын башчысы Т.Дубанаева жана райБББнын физика предмети боюнча методисти А.Нурмаматов баш болгон 33 физика мугалими катышты.

Мектептин физика мугалими Айнура Закирова 9-класска «Радиоактивдүүлүк. Радиоактивдүү нурлар» деген темада ачык сабак жана «Акыл ордо» интеллектуалдык оюнун өттү. Ал эми физика мугалими Ракыя Матраимова 8-класска «Деформация жана деформациянын түрлөрү» деген темада ачык сабак уюштурду. Жыйынтыгында ОшБИнин физика каанасынын башчысы Т.Дубанаева өтүлгөн сабактар, «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну боюнча өз оюн айтып, сабактарды жакшы деп баалап, райондук деңгээлде жайылтуу керектигине токтолду.

Ошондой эле Өзгөн районундагы Т.Сарыков атындагы орто мектебинде физика мугалимдеринин аймактык семинары өткөрүлдү. Ага райБББнын методисти А.Нурмаматов катышты. Семинарды мектеп директору Ш.Кадырова ачты. Алгач мугалимдер мектептин залына уюштурулган физикалык көргөзмөгө күбө болушту. Андан кийин семинарда Т.Сарыков атындагы орто мектебинин физика мугалими Замира Рыскулованын ачык сабагына катышты. Ачык сабак 11-класска «Атомдун ядролук методу. Резерфорддун тажрыйбасы» аттуу темада өтүлдү. Андан соң физика мугалими Канымбү Мамашева 11-класстын окуучуларына «Акыл ордо» интеллектуалдык оюн-таймаш сабагын өткөрдү. Семинарга Мырза-Аке айыл аймагынан 21 физика мугалими катышты.

Өзгөн районундагы Б.Асранкулов атындагы орто мектебинде да физика мугалимдеринин Куршаб аймактык семинары өткөрүлдү. Ага Куршаб аймагындагы мектептерден физика мугалимдери катышты. Иш-чараны Б.Асранкулов атындагы орто мектебинин физика мугалими С.Насирдинбекова уюштурду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up