Челпек айылында окуучулар менен мугалимдерге өрттөн кантип сактануу керектигин айтып беришти

Билим АКИpress - Бүгүн, 4-октябрда Ак-Суу районунун Челпек айылында жайгашкан орто мектептердин окуучулары менен мугалимдерине өрттөн сактануу жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМ кызматкерлери окуучуларга өрт учурунда кооптуу жайды тез арада таштап кетүү, өрттү кандай өчүрүү керектиги, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча, мектептин эвакуация планы, кошумча эшиктер тууралуу толук маалымат берилип, иш-чара суроо-жооп түрүндө өттү. Мындан сырткары, мугалимдерге да өзүнчө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up