Мугалимдер күнү: Алайда мыкты мугалимдер сыйланды

Мугалимдер күнү: Алайда мыкты мугалимдер сыйланды

Билим АКИpress - Алай районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди.

Салтанатты Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков ачып, бул тармакта жаралып жаткан ийгиликтерде мугалимдердин зор салымы бар экенин айтып өттү. Андан кийин Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Илияз Ташкулов ар бир жаран үчүн бул күн мугалимдерди бийик урматтоо менен байланышканын, жүрөккө жакын майрам экенин айтып, ар бир адам өзүнүн биринчи мугалимин, билим дүйнөсүнө жетелеп келген насаатчысын эч качан унутпасын кошумчалады. «Андыктан мугалим болуу — бийик кесиптин ээси болуу, ал бардык кыйынчылыктарга карабастан, өзүнүн эмгегин ак ниети менен сүйгөндөргө сыймык алып келет», - деди ал.

Район башчы өз иштеринде мыкты ийгиликтерди жараткан мектеп мугалимдерине, тарбиячыларга раймамадминистрациянын Ардак грамоталарын тапшырды. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилери, Кыргызстан Аялдар конгрессинин «Мыкты айым» медалдары, райондук, областтык жана республикалык кесиптик кошуундардын Ардак грамоталары, төш белгилери тапшырылды. Тармактар аралык «Мекенге ак кызмат» төш белгиси да өз ээсин тапты.

Иш-чаранын алкагында концерттик программа тартууланып, бул тармакта иштеп кеткен ардагерлер акчалай сыйлыктарга татыктуу болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up