Мугалимдер күнү: Ош облусунда мыкты мугалимдерди сыйлоо аземи өттү

Мугалимдер күнү: Ош облусунда мыкты мугалимдерди сыйлоо аземи өттү

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу жана КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Мугалимдер күнүнө карата 5-октябрда Ош билим берүү институтунда облустун тажырыйбалуу, чыгармачыл мугалимдерин куттуктоо жана аларга сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бөлүм башчысы Абдували Балтабаев, Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Алдыңкы мугалимдерге «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилери, Билим берүү жана илим министрлигинин, КР өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары, ошондой эле «Жылдын мыкты мугалими - 2018» облустук сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана Ош билим берүү институтунун Ардак грамоталары тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев өз сөзүндө жалпы облустун алдыңкы мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын иштерине ийгилик каалап, чыгармачылык жактан изденүүлөрүнө тилектештигин билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up