Мугалимдер күнү: Ала-Букада олимпиадаларда жеңген окуучулардын мугалимдери сыйлыкка татыды

Мугалимдер күнү: Ала-Букада олимпиадаларда жеңген окуучулардын мугалимдери сыйлыкка татыды

Билим АКИpress - Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, аларга сый тамак тартууланды. Маалым болгондой, айыл өкмөт башчысы Муктар Шербаев баштаган бийлик өкүлдөрү балдарга билим берүүдө теңдешсиз орду бар кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.

«Иш-чарада окуучулар арасындагы олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болгон балдардын мугалимдери эске алынды. Тагыраагы, айыл аймагындагы 32 мугалим, 3 тарбиячы жана1 искусство мугалими айыл өкмөттүн сыйлыгына татыды», - деп билдиришет мекемеден.

1-Май айыл аймагында 8 мектеп, 2 бала бакча жана балдардын 1 искусство мектеби бар. Жалпы 243 мугалим, 37 тарбиячы жана 12 искусство мектебинин мугалимдери эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up