Мектеп табыштырган жубайлар: Тажик жана кыргыз мугалимдердин сүйүүсү (сүрөт)

Мектеп табыштырган жубайлар: Тажик жана кыргыз мугалимдердин сүйүүсү (сүрөт)

Билим АКИpress - Өлкөдө жыл сайын октябрь айынын биринчи жумалыгында мугалимдердин майрамы белгиленип келет. Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз кылабыз. Бул жолу биз мугалимдердин иш тажрыйбасы гана эмес, мектеп табыштырган жубайлар тууралуу сөз кылабыз.

Кара-Суу районунун Жаңы-Маале айылындагы М.Турсунзаада атындагы орто мектебинде лөлү тектүү окуучулар билим алып келет. Аталган мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайда бирге окуп, учурда ошол мектепте мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан жубайлар Хуснидин Тилдебаев менен Хаетхан Уринова. Жаш жубайлар учурда башталгыч класстарга билим берип келишет. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Хуснидин Тилдебаевдин айтымында, жубайы экөө 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, баш кошушкан. «Жубайым Хаетхан экөөбүз бир мектепте окудук. Ал менден бир класс кичине болчу. Алгачкы жолу мен 9-класста, ал 8-класста окуп жатканда таанышканбыз. Экөөбүз сабактарды бирге аткарып, сынактарга чогуу даярданып жүрчүбүз. Экөөбүз тең 9-классты аяктап, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун колледжинде окуубузду уланттык.

Жубайым кыргыз тили жана адабияты мугалими, ал эми мен башталгыч калсстардын мугалимимин. 2-курста окуп жүргөндө эле өзүбүздүн мектебибизде иштеп баштаганбыз. 2013-жылы экөөбүз тең ишке кирип, иштеп калдык. Жубайым менен мектептен таанышып, кыз-жигит болуп жүрүп, 2015-жылы баш коштук. Хаетхандын тазалыгы, түшүнүктүүлүгү мени арбап алды десем болот. Биз турмуш курганда мен 20 жашта, келинчегим 18 жашта болчу. Учурда 1 кызыбыз бар, бактылуу жашап жатабыз. Кесиптештерибиз да бизди түшүнүп, ар дайым колдоп турушат», - деп айтып берди ал.

Ал эми Хаетхан Уринова жолдошунунун ак көңүлдүгүн, билимге умтулгандыгын баалайт. Анткени лөлү тектүүлөрдүн басымдуу бөлүгү билимге умтулбайт. «Биз тажик улутунанбыз. Биздин мектепти бүтүргөн окуучулардын көбү кара жумуш менен алектенип, билимге көп умтула беришпейт. Мындан улам, мен жолдошумдун билимге умтулганын баалап, жактырып калгам. Жаш кезимен эле окуп, билимдүү болсом деп тилечүмүн. Ойлогон максаттарыма жеттим. Жолдошум да мени түшүнгөн адам. Экөөбүз тең мугалим болгондуктан, бири-бирибизди колдоп, жардам берип турабыз. Кызыбыз ооруп калса, менин ордума жолдошум сабак өткөн учурлар болот. Алгач мугалим болуп ишке киргенде бир аз кыйынчылыктар болду. 5 жылдан бери бул кесипти аркалап келе жатабыз, азыр жакшы өздөштүрүп, көнүп калдык. Экөөбүздүн тең бир күн мектепсиз, окуучуларсыз күнүбүз өтпөйт. Окуучуларыбызды сагынып турабыз», - дейт ал.

«Студент кезибизде жолдошум экөөбүз бий кечелерге, майрамдарга чогуу барчубуз. Ал сезимдерин канчалык билдирбейин десе да, байкап калчумун. Ар дайым гүл көтөрүп келет эле. 17 жашымда алгачкы жолу сезимин билдирип, кыз-жигит болуу тууралуу сунушун айткан. Биз 2 жыл сүйлөшүп, баш коштук», - деп кошумчалады ал.

Учурда Хуснидин 23 жашта, ал эми жубайы Хаетхан 21 жашта.

Мектепте чогуу иштеген түгөйлөрдүн дагы бири — Талантбек Маматов жана Айсулуу Адылбек кызы. Алар Ош шаарындагы «Ыйман» лицейинде чогуу иштегендерине 6 айдын жүзү болду. Талантбек Маматов араб тилинен, ал эми жубайы Айсулуу куран жана диний маалыматтар сабагынан билим беришет.

«Жубайым менен 2008-жылы теология факультетинде чогуу окуп жүрүп таанышып калганбыз. Факультетти аяктаган соң үйлөндүк. Андан кийин Стамбул шаарында жайгашкан Хасеки жогорку диний билим берүү институна өтүп, ал жакта 3 жыл билимибизди жогорулаттык. Экөөбүз тең мугалим болгондуктан, үйдө деле сабак тууралуу сүйлөшөбүз. Мен 2017-жылдан бери иштегендиктен, жубайыма кеңештеримди айтып, тажрыйбам менен бөлүшүп турам. «Окуучуларга кандай метод менен сабак өтсөк жеткиликтүү болот?» деген темаларды талкуулайбыз. Бизди угуп олтурган 4 жаштагы кызыбыз, «ата, сиз мектепте агайсыз, үйгө келгенде менин атам болосуз, э?» деп күлдүрүп калат», - деп айтып берди Талантбек Маматов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up