Мугалимдер күнү: Кош-Дөбөдөгү мектептин окуучулары эже-агайларга таазим кылышты

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучулары мугалимдердин кесиптик майрамына карата «Мугалим — мөмөлүү дарак» аталышында иш-чара уюштуруп, чакан программадагы концерт жана жагымдуу маанай тартуулашты.

Иш-чарада окуучулар ыр-бийлерди, кызыктуу оюндарды аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар ырларында мугалимдик кесиптин татаал, түйшүктүү, оор экендигин жана ошого карабай, эмгектенип келе жаткан мугалимдердин ишин баса белгилеп, эже-агайларга таазим кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up