Кара-Көлдүн окуучуларына өз өмүрүн кыюу боюнча түшүнүк берилди

Кара-Көлдүн окуучуларына өз өмүрүн кыюу боюнча түшүнүк берилди

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында кылмыштуулук жана жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыюу (суицид) боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кара-Көл ШИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой 1-октябрдан 10-октябрга чейин шаардагы №1,2,3,4 жана №6 орто мектептердин окуучуларына жана №89 кесиптик лицейдин, И.Раззаков атындагы КМТУнун колледжининин студенттерине кылмыштуулуктун жана өз өмүрүнө кол салуунун алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага шаардын башкы имамы Бектен ажы Керезбаев, прокуратура жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты — жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуунун, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up