Бакай-Атанын окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырышты

Бакай-Атанын окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырышты

Билим АКИpress - 6-октябрь күнү Бакай-Ата районунун борбордук стадионунда Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбекдун айтымында, борбордук стадиондо З майрам бир учурда өткөрүлдү. «Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине, Карылар күнүнө жана Мугалимдер күнүнө карата чоң иш-чара өткөрдүк.

Ч.Айтматовду агартуучу катары өзүнчө белгилеп, балалыгына туш болгон Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги чыгармаларын, табият менен байланышкан чыгармаларын жана согуштан кийинки мезгилдердеги чыгармаларын 4-5 мектептин окуучулары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары биргеликте сахналаштырып көрсөтүштү. Биз залкар калтырып кеткен белегин эч убакта унутпай, кийинки муунга жеткирип туруубуз керек.

Ошондой эле өмүрүн билим берүүгө арнаган ардагер мугалимдерди чакырып, сый чайыбызды, белектерибизди бизди бердик», - деди ал.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up