Кочкордун мугалимдери облустук сынакта баш байгени жеңип алышты (сүрөт)

Кочкордун мугалимдери облустук сынакта баш байгени жеңип алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Нарын облустук усулдук билим берүү борбору тарабынан «Ааламга жол айылдык мектептен башталат» аттуу кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, корутунду концерти болуп өттү.

Окуу жылынын ичинде райондор арасында сынактар өтүп, бардык райондор жободо каралган тапшырмаларды аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Корутунду концертте сынактын жүрүшүндө тандалып алынган мыкты тапшырмалар көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында баш байгени Кочкор районунун мугалимдеринен түзүлгөн команда жеңип алып, 10 миң сом менен сыйланышты. Ал эми 1-орунга Нарын шаарынын, 2-орунга Ак-Талаа районунун, 3-орунга Ат-Башы районунун командалары ээ болушту. Жеңүүчүлөргө Нарын облусунун усулдук борборунун тиешелүү даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up