Панфилов районундагы жатак мектептин директору Р.Усупбаев «Эл сыймыгынын ээси» төш белгиси менен сыйланды

Панфилов районундагы жатак мектептин директору Р.Усупбаев «Эл сыймыгынын ээси» төш белгиси менен сыйланды

Билим АКИpress - 5-октябрда Чүй облусунун Панфилов районунда Мугалимдер күнү белгиленди. Салтанатта Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов К.Тилебалиев атындагы жатак мектептин директору Раимбек Усупбаевге «Эл сыймыгынын ээси» төш белгисин такты.

«Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жетим жана кароосуз калган балдардын жатак мектеби республикада өз орду, сыймыгы да, сыйлыгы да бар билим уясы, жаш муундарыбыздын куттуу мекени. Анын түндүгүн көтөрүп, туусун желбиретип турган сиздерсиздер, урматтуу агай-эжейлер! Ал эми мектеп директору, «КРнын Эмгек сищирген кызматкери» төш белгисинин, «Даңк» медалынын ээси, көп жылдык педагогикалык, жетекчилик тажрыйбага бай, жүрөгү балдар үчүн соккон Раимбек агай жөнүндө айтар сөзүбүз арбын. Адамдык касиети жогору, аруу тилеги бийик агай агартууда айкөл, билимде берешен, тарбияда таң чолпондой. Сиздин жолуңуз жаштарга үлгү. Ушул «Эл сыймыгынын ээси» төш белгиңиз кут болсун», - деди депутат сыйлыкты тапшырып жатып.

Мугалимдер күнүндө диктор Г.Молдоева, райондун акими М.Раймкулов, райБББнън башчысы Т.Арыков, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюмунун төрайымы А.Абдраимова, айыл өкмөт башчылары кесип ээлерин майрамы менен куттукташты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up