Москва районунда 2018-жылдын 18 жаш мугалими ант беришти

Москва районунда 2018-жылдын 18 жаш мугалими ант беришти

Билим АКИpress - 5-октябрда Москва районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Анда агартуу тармагына алгачкы кадамын таштаган 18 жаш мугалим ант беришти.

Райондун акими Азамат Эсенбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, 10 ардагерге баалуу белектерди, С.Усубалиев атындагы орто мектебинин мугалими Э.Айдарбековго «Кеменгер» төш белгисин, 2 мугалимге облустук жана 24 мугалимге раймамадминистрациясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

«Районубуздун социалдык-экономикалык, саясий-маданий жактан өнүгүшү үчүн агартуу майданынын кызматкерлеринин кошкон салымы зор. Дегеним, кайсыл жерде тарбия-билим жогору болсо, ошол аймакта өнүгүү жаралат. Билим — мамлекетибиздин ар тараптан өнүгүүсү үчүн локомотив. Мына, районубузда 1043төн ашуун кесипкөй агай-эжейлер эмгектенип келет. Алардын ичинен 5 мугалим КРнын Эмгек сиңирген мугалими, 215 мугалим Билим берүүнүн мыктылары жана 3 мугалим «Кеменгер» төш белгисинин ээси. Сиздердин араңыздарга «2018-жылдын 18 жаш мугалими» деген символикалык сан менен жаш адистер кошулуп отурат. Аларга багыт берүү сиздердин колуңуздарда, - деди аким.

Майрамдык салтанатта Чүй облустук усулдук билим берүү бңлүмүнүн жетектөөчү адиси Кундуз Абдраева 3 мугалимге Ардак грамота тапшырып, бөлүмдүн директору Р.Султановдун атынан куттуктоо жолдоду. Ошондой эле райБББнън башчысы Н.Тезекбаев жана айыл өкмөт башчылары, профсоюз уюмунун жетекчилери, кесип ээлерин майрамы менен куттукташты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up