Таласта окуучулар чет тилдеринде «Манас» эпосунан үзүндү айтышты

Билим АКИpress - 5-октябрь күнү Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин мугалимдери менен окуучулары Ч.Айтматовдун айкелинин алдында «Дүйнө элдери Айтматовду окуйт» деген теманын алкагында чет тилдеринде «Манас» эпосунан үзүндү айтышты.

Иш-чараны Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мураталиев ачып берди. Жазуучунун чыгармаларын лицейдин окуучулары сахналаштырышып, көркөм ырлардан окушту. Келген сыйлуу коноктор жылуу сөздөрүн айтышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up