Ак-Сууда 5 мугалимге «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Билим АКИpress - 5-октябрда Ак-Суу районунда мугалимдер күнү белгиленип, ага район акими Улан Дөкөнбаев баш болгон райондук мекеме жетекчилери, мугалимдер, айыл өкмөт башчылары катышты.

Бул күнү райондун маданият үйүндө агартуучуларга арналган концерттик программа тартууланып, куттуктоолор айтылды. Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди айтып, мугалимдерди куттуктады. Анын айтымында, райондо 35 мектеп, 15 бала бакча жана 13 миң окуучу бар.

Салтанаттын жүрүшүндө 5 мугалимге «Ак-Суу районунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып, бир катар мугалимдер райондун Ардак грамоталарын, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сыйлыктарды алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up