Кара-Көл шаарында 93 мугалим сыйланды (сүрөт)

Кара-Көл шаарында 93 мугалим сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - 5-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленип, ага шаар башчысы И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева катышты. Алар иш-чарага келген 260 мугалимди кесиптик майрамы менен куттуктап, 93 мугалимге сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Мында окуу-тарбия ишиндеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана окуучулардын билим сапатын жакшыртуудагы ийгиликтери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен А.Кыдырмаева, Т.Сандыбаев, Абдыназарова, Т.Айталиева сыйланды.

«Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен Р.Мантусова менен Н.Сүйналиева сыйланды. Шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен 20 мугалим, коомдук уюмдардын «Эл сыймыгы», «Насаатчы», «Даанышман», «Калк кадырлаган инсан», «Ардактуу мугалим» төш белгилери менен 9 мугалим, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен 19 мугалим, ыразычылык каты менен 17 мугалим сыйланды. Ал эми Жалал-Абад облустук усулдук борборунун грамоталары менен 13 мугалим сыйланды.

Сыйлоо аземинен кийин иш-чара оюн-зоок, майрамдык концерттик программа менен уланып, алып баруучулук жоопкерчилиги №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин таланттуу мугалимдерине тийип, шаардагы 8 мектеп, 3 бала бакчанын өнөрлүү мугалим-тарбиячылары ыр-бийлерди аткарышып, мугалимди даңазаланган ырларды эл алдына тартуулашты.

Бүгүнкү күндө шаардагы билим берүү тармагында 350дөн ашык мугалим эмгектенет. Быйылкы окуу жылында 2 жаш адис жумушка алынган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up