Аламүдүн районунда мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды (сүрөт)

Аламүдүн районунда мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 4-октябрында Лебединовка айылында жайгашкан ресторандардын биринде Мугалимдер күнүнө карата райондук салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен жалпысынан 300 мугалим катышты. Алардын ичинен 19у жаш мугалимдер болду.

Майрамдык иш-чара 2 бөлүктөн туруп, расмий бөлүгүндө КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаш муундарга билим берүүдө кошкон талыкпас эмгеги үчүн А.Жумагулов атындагы Көк-Жар орто мектебинин математика сабагынын мугалими Алтынбүбү Алиеваны «Кеменгер» ардак белгиси менен сыйлады, ал эми А.Айдаралиев атындагы Кайырма орто мектебинин директору Казыгүл Мамбетова жана «Алтын-Бешик» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин башчысы Зулайка Күмүшбековага Чүй облусунун Ардак грамотасын тапшырды. Мындан тышкары, райондун жаш мугалимдерин колдоо максатында 19 мугалимге акчалай сыйлыктарды ыйгарды.

Андан соң Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы Алтынбек Намазалиев райондун мугалимдерин куттуктап, өсүп келе жаткан муунду окутуу жана тарбиялоо иштерине кошкон жеке салымы, өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен үлгүлүү аткарып, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн, ошондой эле Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өз эмгегинде өзгөчөлөнгөн мугалимдерге Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолуп, сый тамак тартууланды. Концерттик программа үчүн маданияттын мыкты кызматкерлери Мээрим Карыпова, Акбар Сүйүнбаев чакырылып, ошондой эле райондук маданият бөлүмүнүн ырчылары да өз чыгармаларын аткарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up