Ошто билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (сүрөт)

Ошто билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - 5-октябрда Ош улуттук драма театрынын алдында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаардагы билим берүү кызматкерлери катышты.

Т.Сарыбашов мугалим дүйнө жүзүндөгү эң ардактуу кесип экендигин белгилеп, коомду тарбиялоодо эмгеги эбегейсиз экенин баса белгиледи. «Мугалим өзүнүн иши аркылуу көптөгөн муундардын дүйнө таанымынын негиздерин түзүп, аларга акылмандыктын жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болуп келишет. Ар бир мугалимдин билим берүү чөйрөсүндөгү жекече олуттуу салымы сый-урматты пайда кылары талашсыз. Ошондуктан өлкөбүздүн урматтуу педагогдоруна чын жүрөгүмдөн алкыш айтып, урматтоомду билдирем», - деди шаар жетекчиси.

Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн, жогорку жана орто окуу жайларынын, мектептердин бир нече мугалимдерине Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин Ардак грамоталары, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

Иш-чаранын негизинде жалпы билим берүү мекемелеринин «Билим жана чыгармачылык» жармаңкеси уюштурулду.

Сыйлоо аземи концерттик программа менен уланып, мугалимдерге майрамдык маанай тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up