Нарын облусундагы мыкты мугалимдер жогорку сыйлыктарга татыктуу болушту (сүрөт)

Нарын облусундагы мыкты мугалимдер жогорку сыйлыктарга татыктуу болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленип, ага райондордон 500гө чукул мугалим чакырылган.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Облустук усулдук билим берүү борборунун директору К.Мамытов катышып, мугалимдерди куттукташты.

Салтанаттын жүрүшүндө Амабай Кайыпов өкүлчүлүктүн Ардак грамоталарын, Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева алдыңкы мугалимдрге министрликтин Ардак громатасын жана «Агартуунун мыктысы» төш белгилерин тапшырды. Мындай жогорку сыйлыкка облустан 30га чукул мугалим-эжейлер татыктуу болушту. Ошондой эле сынактардын жеңүүчүлөрү Усулдук борбордун Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда мугалимдерге майрамдык маанай тартууланып, окуучулардын жана мугалимдердин күчү менен даярдалган концерт коюлду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up