Нарын районунун мугалимдери кесиптик майрамын белгилешти (сүрөт)

Нарын районунун мугалимдери кесиптик майрамын белгилешти (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунда мугалимдердин кесиптик марамына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага 300гө чукул мугалим чакырылды.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева, Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков, кесиптик уюмдун райондук комитетинин төрагасы Муканбеталы Курманкожоев катышып, мугалимдерди куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап өтүштү.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы мугалимдерге Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилери, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюмунун сыйлыктары ыйгарылды.

Иш-чаранын соңунда мугалимдерге майрамдык маанай тартууланып, сый тамак уюштурулду, ошондой эле чакан програмадагы концерт уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up