Баетовдогу мектептин директору В.Мырзалымбекова «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды (сүрөт)

Баетовдогу  мектептин директору В.Мырзалымбекова «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинин директору Венера Мырзалымбекова «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

Маалым болгондой, 5-октябрь — Мугалимдердин кесиптик күнүнө карата аталган мектептин директору Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги тарабынан аталган төш белги менен сыйланды.

Мырзалымбекова Венера Бейшеналиевна 1978-жылы 5-июнда Баетов айылында туулган. 1995-жылы аталган айылдагы Ломоносов (азыркы Ш.Бейшеналиев) атындагы орто мектебин бүтүргөн. Андан соң И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин химия-биология бөлүмүн аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1999-жылы Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «консервалоо технологиясы» кафедрасында лаборант, ушул эле окуу жайда окуу процессин көзөмөлдөөчү инспекторлук кызматта 2002-жылга чейин иштеген. 2002-2009-жылдары Э.Карасартов атындагы орто мектебинде мугалим, 2009-2016-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында социалдык бөлүмдө башкы адис болуп эмгектенген. 2016-жылдан бери Э.Карасартов атындагы орто мектебинин директору болуп иштеп келүүдө.

2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын сырттан окуп бүтүргөн.

Эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Баетов айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана Ички иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up