Мугалимдер.kg: Кара-Бууранын мыкты кыргыз тилчиси Венера Рахматованын окуучулары олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишип келет

Мугалимдер.kg: Кара-Бууранын мыкты кыргыз тилчиси Венера Рахматованын окуучулары олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишип келет

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы «Мугалимдер» рубрикасын ачты. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Талас областынын Кара-Буура районуна караштуу Кара-Буура айылындагы А.Умарбеков атындагы орто мектебинин кыргыз тилчи мугалими, «Кыргыз Республикасынын Билим берʏʏнʏн мыктысы» төш белгисинин, «Мыкты кыргыз тилчи» наамынын ээси, чыгармачыл, ɵз ишинин чебери Рахматова Венера Каныбековна.

Венера Каныбековна 1999-жылдан агартуу тармагында ʏзʏрлʏʏ эмгектенип келе жатат. Эмгек жолу ɵзʏ билим алып, учкан уясынан башталып, бʏгʏнкʏ кʏндɵ да ошол эле мектепте, тагыраагы, Кара-Буура районуна караштуу А.Умарбеков атындагы орто мектебинде жаш ɵспʏрʏмдɵргɵ сабак берип, адабияттын сырларын ачып, кыргыз тили ʏчʏн кʏйʏп-жанып, бар билгенин балдарга аябай берип, райондук, областтык, республикалык деңгеээлдеги предметтик олимпиадаларда жогорку кɵрсɵткʏчтөргө жетишип, мектептин беделин кɵтɵрʏп келет.

Венеранын алгачкы ийгилиги 2009-жылы райондук деңгээлдеги «Жыл мугалими» сынагында жеңʏʏчʏ болгондугу менен башталган. Ошол эле жылы окуучусу предметтик олимпиадада райондук деңгээлде 1-орунга, областтык деңгээлде 3-орунга ээ болгон. Ошол жылдардан тарта окуучулары предметтик олимпиаданын республикалык туруна чейин катышып, ийгиликтерди жаратып келет.

2014-жылы райондун «Мыкты кыргыз тилчиси» аталган. Ошондой эле «Манас таануу» интеллектуалдык таймашка даярдоо менен окуучулардын райондук, областтык деңгээлдеги жеңишке жетишине тʏрткʏ гана болбостон, «Манас» эпосунун миң кырлуу экенин жʏрɵгʏ менен сездирип, кɵɵдɵнʏнɵ сиңирип, кыргыздын жашоосундагы «Манастын» ордун тааныта алды.

Венера эжейдин ар бир ɵткɵн сабагы окуучунун жан дʏйнɵсʏн козгоп, адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, турмуш сырларын ачып, сɵз баркын билгенге тарбиялап, тил ʏчʏн кʏйгɵнгɵ тʏрткʏ болуп, кыргыздын патриот жаштарынын ɵсʏп келе жатканына себепчи болуп келет. Семинарларда ɵткɵн сабактары кесиптештерине чыгармачылык тʏрткʏ, жаңы идея, дем берип, тʏйшʏктʏʏ мугалимдик кесиптен ырахат алууга шык берип, сабактарынын иштелмедери район ичине жайылтууга сунушталган.

Мына ушундай балдар ʏчʏн жасаган эмгеги, тил ʏчʏн кылган мээнети, мектептин беделин кɵтɵрʏп жаткандыгы ʏчʏн ɵткɵн окуу жылынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын «Чыңгыз Айтматов» атындагы сыйлыгына татыктуу болду.

Сиз дагы сүйүктүү мугалимдер жөнүндө, билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up