Ысык-Атада мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Ысык-Атада мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Ата районунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанат жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жигердүү колдоосу менен өттү.

Мугалимдерди кесиптик майрамы менен КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Тогуз-Булак мектебинин директору Бектурсун Асановичке «Кеменгер» төш белгиси ыйгарылып, жаш адистер губернатордун колунан акчалай сыйлыктарды алышты. Ошондой эле Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калмырза Кожомкулов да өзүнүн атынан сыйлыктарды тапшырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак громатысы менен 14 мугалим сыйланып, 15 мугалимге төш белгилер ыйгарылды.

Райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа майрамга өзгөчө шаң тартуулады. Иш-чарага жалпы 320 мугалим катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up