Түптө мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Түптө мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Билим АКИpress - Түп районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, анда билим берүү жаатында эмгектенгендердин жоон тобу Билим берүү жана илим министрлигинин, раймамадминистрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктарын алышты. Бул тууралуу акимдин орун басары Эрмекан Дюшебаева билдирди.

Анын айтымында, майрамдык иш-чарада Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Усенова, областтык Билим берүү институтунун директору К.Шарипов, аким Э.Жантаев, райБББнүн башчысы А.Такаев жана райондогу мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн башчылары мугалимдерди куттукташты. Андан соң сыйлык тапшыруу аземи өттү.

«Түп районунун акими Э.Жантаев мугалимдик кесипте 40 жылдан ашык эмгектенген. Ал Михайловка айылындагы Шевченко орто мектебинин ардагер мугалими Асанбек Токтомбаевге «Түп районунун ардактуу атуулу» наамы, 4 мугалимге «Кадырлуу эмгек каарманы» наамы атайын төш белгилери менен тапшырды. Ошондой эле 6 мугалимге Ардак грамота, 5 мугалимге ыраазычылык кат жана 12 мугалимге баалуу белектерди тапшырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен 17 мугалим, Ардактуу грамотасы менен 18 билим берүү кызматкери сыйланышты.

Түп райондук билим берүү бөлүмү менен райондук профсоюздук комитети окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, мектептер арасында 1-орунду «Мыкты мектеп» сыйлыгынын символу болгон «Пеликан» жана 5 миң сом акчалай сыйлыкты Арал айылындагы Ж.Ашымов атындагы мектептин директору Г.Жаңыбаевага тапшырды. 2-орунду алган Түп айылындагы Карымшаков атындагы мектептин директору В.Павловага 3 миң сом тапшырылды. Ал эми 3-орунду ээлеген Кудургу айылындагы К.Усенбеков атындагы мектептин директору Ш.Мурзабаевага 2 миң сом ыйгарылды.

Мектептердин жана бала бакчалардын ашпозчулары, мугалимдери жана директорлору кирген 66 адамга райондук БББнүн Ардак грамоталары берилди. «Мыкты директор» номинациясында 1-орунду ээлеген Ж.Ашымов орто мектебинин директору Гүлжамал Жаңыбаевага, «Мыкты окуу бөлүмүнүн башчысы» наамын алган А.Жунушалиевага, «Мыкты уюштуруучу» Ч.Орузбаевага, «Мыкты соцпедагог» Т.Абакировага да баалуу белектер ыйгарылды.

Мындан тышкары мектеп менен окуучуларды тарбиялоодо тыгыз байланышта болуп, бирге иштешкен Түп, Карасаев жана Санташ айыл өкмөт башчыларына ыраазычылык каттары тапшырылды. Билим берүүнүн профсоюзунун райондук комитети ошондой эле учурда ардактуу эс алууда жүргөн 4 ардагер мугалимге баалуу белектерин тапшырды.

Айыл өкмөт башчылары айыл аймактарында жайгашкан мектептердин жааматын кесиптик майрамы менен куттукташып, айыл өкмөтүнүн ардак баракчалары, ыраазычылык каттары жана баалуу белектери менен сыйлашты. Мугалимдерге арналган майрамдык концерт тартууланды», - деди Э.Дюшебаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up