Марказ айыл өкмөтүндөгү 6 мектеп кышка даяр

Марказ айыл өкмөтүндөгү 6 мектеп кышка даяр

Билим АКИpress - Баткен облусунун Марказ айыл өкмөтүндө 6 орто мектеп бар. Учурда аталган мектептердин баары кышка толук даяр экенин Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Исмаилов билдирди.

«Бүгүнкү күндө биз 2 мектеп менен 2 бала бакчаны көмүр менен камсыз кылдык. Орозбековго 120 жыл атындагы орто мектеби менен Арпа-Сай орто мектебине 22 тоннадан көмүр түшүрүлдү. Ал эми «Келечек» жана «Мээрим» балдар бакчалары 2 тонна 800 килограммдан көмүр менен камсыз болду. Калган К.Сатаров, Кыргызстандын 10 жылдыгы, Айрыбаз орто мектептери электр ысыткычтар менен жылытылат. Учурда электр тармактары менен кышка даярдыктар жүрүүдө», - деп билдирди Ислам Исмаилов.

И.Исмаилов кошумчалагандай, Марказ айыл өкмөтүндөгү 6 мектептин экөө көмүр менен жылыйт, калган төртөө электр мештери менен жылытылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up