Жалал-Абаддын алдыңкы мугалимдери сыйлыктарга татыды

Жалал-Абаддын алдыңкы мугалимдери сыйлыктарга татыды

Билим АКИpress - 5-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун жыйындар залында областтын жалпы билим берүүчү мектептеринде чыгармачылык менен иштеп жаткан мугалимдердин катышуусунда салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу усулдук борбордун директору А.Токтосунов маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, салтанаттуу жыйынга Билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы мектептик жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси К.Сыдыкназарова, КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Г.Аширова катышты. Алар алдыңкы мугалимдерге Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин жана Ардак грамоталарын, КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталарын тапшырышты.

Токтогул районундагы Т.Тешебаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тарых мугалими Толкун Малдыбаева, Тогуз-Торо районундагы №1 Макмал жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жолдошалы кызы Нурзат «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты. Ал эми Кара-Көл шаарынын №1 Токтогул атындагы гимназия мектебинин англис тили мугалими Меис Куйпиева, Жалал-Абад шаарындагы №1 М.Бабкин атындагы гимназия мектебинин англис тили мугалими Венера Тиленова Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Аталган мугалимдер «Жылдын мыкты мугалими-2018» кароо-сынагында байгелүү орундарга ээ болушкан.

Мындан тышкары, жалпы билим берүүчү мектептерде иштеп жаткан алдыңкы мугалимдерге областтык билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up