Мугалимдер.kg: Англис тилчи Гуля Нусубалиева дем алыш күндөрү мектеп жабык болсо да, окуучуларды чакырып, билим берчү

Мугалимдер.kg: Англис тилчи Гуля Нусубалиева дем алыш күндөрү мектеп жабык болсо да, окуучуларды чакырып, билим берчү

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы «Мугалимдер» рубрикасын ачты. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — 30 жыл англис тили мугалими болуп эмгектенген Гуля Нусубалиева. Ал «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси.

Г.Нусубалиева 1966-жылы 29-апрелде Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында төрөлгөн. Бала чагы аталган айылда өтүп, ошол айылдык мектепти ийгиликтүү аяктайт. 1983-жылы И.Арабаев атындагы (мурдагы В.Маяковский атындагы) Педагогикалык институтунун чет тилдер факультетинин немис жана англис тили боюнча мугалимдик кесипке ээ болгон.

Эң алгачкы эмгек жолу Долон (азыркы Эсенбеков) атындагы орто мектепте немис тили мугалими болуу менен башталган. Кийин Ак-Жар орто мектеби ачылып, ошол мектепте немис тилчи болуп эмгектенген. Андан кийин Көк-Токой айылындагы «Таш-Арык» орто мектебинде иштейт.

1992-2017-жылга чейин Жон-Арык айылындагы А.Нуржанов атындагы орто мектепте англис тилчи болуп эмгектенип келди.

Гуля айым билим берүү тармагында 30 жыл иштегенин айтты. «Союз убагындагы көнүп калган тактика менен мени менен тең курактуу эжейлер болуп, баарыбыз берилүү менен иштеген экенбиз. 30 жыл бою бир да жолу эскертүү алган эмесмин, сабак өтүлбөй, себепсиз жумуштан калуу деген болгон жок. Максатыбыз — балдарга татыктуу тарбия берип, билим сапатын жогорулуу эле. Балдар менен иштешүү ары кызыктуу жана ары татаал, бирок кесибимди сүйүп иштөөдө кыйынчылыктар артта калып келет.

1990-жылдан баштап республикалык деңгээлдеги олимпиадаларга окуучуларым катышып, 1-2 орундарды бербей келишти. Биринчи жолу А.Бердикеева деген окуучуну олимпиадага даярдагам, ал кызым алдыңкы орунга ээ болгон. Ошол күндөн баштап окуучулар үчүн акысыз англис тили ийримдерин уюштурдум, дем алыш күндөрү мектеп жабык болсо да, эшик алдына окуучуларды чакырып, ошол жерге отургузуп алып, англис тилинде ырларды үйрөтчүмүн. Кийин магнитофон сатып алып, ошонун негизинде жомокторду англисче аткартып жүрдүм.

Эмгегим бааланып, райондук жана областтык администрациянын, Билим берүү жана илим министрлигинин грамоталарына ээ болдум. «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисин алдым. Мектепте айылдык билим берүү долбоору боюнча иштеп, район боюнча Бектур Исаков агай жана мен «Мастер учитель» деген наамга татыганбыз.

Тынчтык Корпусундагы 3 ыктыярчы менен иштештим. Алар биздин окуучуларга тил боюнча жардам берип, окуучулардын Америкага барып, окуп келүүсүнө шарт түзүп берип жаттык. Республикалык олимпада 1-2-орундарды алган бир окуучум Америкадан окуп келип, мектептин тарыхында жазылып калдык десем жаңылышпайм», - дейт ал.

Гуля эже 5-11-класстарга класс жетекчи болуп 3 классты толук бүтүрүүгө жетишкен. Бүтүп кеткен окуучулары азыркы күнгө чейин рахматын айтып турушат. 2 классы менен мектеп боюнча «Жылдын мыкты класс жетекчиси» деген наам алган.

Англис тилчи Таласка практикасын өтөөгө барып, өмүрлүк жубайын таап, Таласка келин болуп калат.

«Пратикамды Таласка өтөп келгенде жолдошум К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунда студент экен. Жаңы жылдык кечеге биздин тайпадан жакшы окуган 6 кыз тандалып барганбыз. Ошол жактан жолдошум менен таанышып, Таласка келин болуп калгам. Жолдошум түшүнүктүү жана боорукер. Ачык сабактарды жана башка иш-чараларды өткөндө материалдарымды алып келип, илип-тагууга жардам берип, ар дайым колдоп келет», - деди ал.

Мугалим кызыктуу учурлардан да айта кетти. Ак-Жар орто мектеби жаңы ачылып жаткан эле. Директорубуз Тынышов Калыбек деген агай болчу. Ал киши мектептин ачылышына карата концерт уюштурушубуз керектигин айтты. Эжейлер менен бирге даярдандык. Өзүм кичинемден ырдап калчумун. Ошондо биринчи жана экинчи үн менен конокторго ырдаганды үйрөткөм. Ак-Жардын эли аябай шайыр келгендиктен, ыраазычылык билдирүү максатында чабалекейлер учуп келип, башыма таажы кийгизип жаткандай кылып менин сүрөтүмдү тартып, жакшы сөздөрүн айтышкан. Ошол күн эсимден кетпейт.

Окуучулар мектепке аралык алыс болсо да жөө келишет эле. Классымдагы 3 балам үйүнөн сабакка деп чыгып, жолдун чекесиндеги өсүп турган тамекинин арасына кирип кетип, сабак бүткөндө жолдон балдарга кошулуп, үйлөрүнө барышчу экен. Бир күнү артынан түшүп, аларды кармап келип, таяк менен буттарына чаап жатсам, директордун орун басары Өмүркул Тынышов агай кирип келип, балдарды чыгарды да: «Окуучуларды урганга болбойт. Ата-энелерине жооп берип калабыз», - деди. «Эми качан ал балдардын ата-энелери келишет» деп ойлонуп калдым. Бир күнү баягы 3 окуучум жолдо турат, мен жанына жеткенде: «Эже, кечирип коюңузчу, ата-энебизге айтпай эле коюңузчу», - деп айтышса, мен ичимден «ууф, ата-энелерине айтпаптыр» деп калгам.

Окубаган балдарды кышында да караңгыга чейин алып калчумун. Эжейлер «сага эмнеси зарыл?» дешкенине карабай, «балдарды алып калам деп сөз бергем, калпычы болуп калам» деп кароолчудан ачкычты алып, кечинде балдарды узатып, мектепти жаап кетчүмүн», - деп айтып берди ал кызыктуу окуялары тууралуу.

Мугалим жолдошу экөө 2 уул жана 2 кызды тарбиялап келишет.

«Атам өмүр бою мугалим болуп эмгектенип келди. Биз мектепте окуп жүргөндө айтып калчу: «Жакшы окусаңар, чоң окуу жайларга тапшырасыңар, а мен болсо шарт түзүп берем. Окубасаңар бир короо кой бактырам», - деп. «Кой бакпайбыз, биз окуйбуз» деп калчубуз. Атам ар бирибизге парта, доска жасатып берчү. Ошондо Бурулжан эжем сабак өтчү. Мугалим болуп иштеп калышыма атам түрткү болгон», - деди ал сөзүнүн аягында.

Сиз дагы сүйүктүү мугалимдер жөнүндө, билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up