Нарында мугалимдердин спартакиадасы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды (сүрөт)

Нарында мугалимдердин спартакиадасы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарынын мугалимдери арасында өткөн спартакиаданын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, аялдар жана эркектер арасында спорттун 4 түрү боюнча мелдеш жүрдү.

Спартакиадага мектептерде эмгектенген мугалимдерден 9 команда түзүлүп, жалпы 200гө чукул мугалим катышты. Билим берүү кызматкерлери билим-тарбия берүү менен гана чектелбестен, спортто да өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, күйөрмандарга кызыктуу оюн тартуулашты.

Жыйынтыгында аялдар арасында волейбол оюну боюнча 1-орунду №5 мектептин мугалимдери багындырышты. 2-орунду №1 мектептин, 3-орунду №8 мектептин мугалмидери камсыздашты. Стол үстүндөгү теннис боюнча 1-орунду №9 мектептин мугалимдери ээлешти. 2-орунду №1 мектептин, 3-орунду №10 мектептин командаларыалышты.

Эркекетер арасында волейбол боюнча 1-орунду №4 мектептин, 2-орунду №8 мектептин жана 3-орунду №52 мектептин мугалимдери камсыз кылышты. Стол үстүндөгү теннис боюнча 1-орунга №4 мектептин, 2-орунга №7 мектептин жана 3-орунга №8 мектептин командалары ээ болушту. Ал эми шахмат оюнунда 1-орунга №7, 2-орунга №10 жана 3-орунга №8 мектептердин командалары чыгышты.

Жалпы командалык эсепте 1-орунду №4 мектептин командасы жеңип алды. Ал эми 2-орунду №7 мектептин командасы ээлеп, 3-орунду №8 мектептин командасы алды.

Жеңүүчүлөргө Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды. Ал эми спартакиаданын жеңүүчүсү деп табылган №4 мектебинин командасы өтмө кубок менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up