Сүрөт — С.Жээнбеков Кара-Буурада «Жерүйдүн» каражатына курулган мектептин ачылышына катышты

Сүрөт — С.Жээнбеков Кара-Буурада «Жерүйдүн» каражатына курулган мектептин ачылышына катышты

Билим АКИpress - «Билим берүү – өлкөбүздө негизги приоритет, амлекеттик саясаттын башкы багыты. Билимдин аркасы менен гана биз эл аралык аренада атаандаштыкка туруштук бере алабыз», - - деди президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 9-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кара-Буура айылындагы А.Умарбеков атындагы орто мектептин ачылыш аземинде.

Мамлекет башчысы мектептин мугалимдерин, окуучуларды жана жергиликтүү тургундарды бул кубанычтуу окуя менен куттуктады. «Айылыңыздарда заманбап мектептин салтанаттуу ачылышы – бардыгыбыз үчүн чоң кубаныч. Жаңы мектеп кут болсун!», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылы айыл жергеси үчүн өзгөчө жыл экендигин белгиледи. «Аймактарды өнүктүрүү кийинки жылдары да улантылат. Айылды өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү дегенди билдирет. Өлкөбүз үчүн аймактардан өтөөр тирек да, руханий булак да жок!», - деп баса белгиледи президент.

Анын айтымында, жалпы элет жеринде жашаган мекендештер Аймактарды өнүктүрүү жылын конкреттүү иштер менен колдоп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүдө эл өзү демилге көрсөтүп, социалдык, маданий, спорттук объектилерди куруп, алгылыктуу иштер менен толуктап жатканын айтып, демилгелүү инсандарга, айыл жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

Билимди өнүктүрүү жана тереңдетүү жөнүндө айтып келип, мамлекет башчысы Кыргызстандын алдында турган зор пландарды ишке ашыруу үчүн билимдүү жаштар керектигин, билими тереӊ, руху күчтүү жаштардын муунун тарбиялаш керектигин белгиледи. «Учурда, технологиялар тез өнүгүп жаткан мезгилде балдарыбыз гана эмес, педагогдор дагы, бардыгыбыз окуп жана өзгөрүп, мезгил менен кошо кадам шилтегенге милдеттүүбүз. Балдардын толук кандуу билим алышы үчүн мамлекет тарабынан бардык аракеттер жасалып жатат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы быйыл республикалык бюджеттин эсебинен жер-жерлерде 156 мектеп, анын ичинде Талас облусунда 22 мектеп курулуп жатканын маалымдады. Башка булактардын каражаттарынын эсебинен дагы 27 мектеп курууга даярдык көрүлүп жатат. Андан кийинки жылдары да 100дөн ашуун жаңы мектеп курулат.

Мамлекет башчысы бүгүн ачылып жаткан мектептен тарбия-билим алып, ушул айылдан да улуулардын жолун жолдогон нечен эр-азаматтар чыгарына терең ишенерин айтты. «Силер – өлкөбүздүн келечегисиңер. Коомдун өнүгүү деңгээли силердин билимиңердин, тарбияңардын деңгээлине жараша болот», - деп окуучуларга кайрылып, аларга билим дүйнөсүнө ак жол каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдерге кайрылып, аларды өткөн мугалимдер жана Билим күнү менен куттуктап, балдарга татыктуу билим жана тарбия берерине ишенимин билдирди.

Маалымдама: А.Умарбеков атындагы 225 орундуу мектептин курулушуна «Жерүй» кенин иштетүүдөн 24 миллион сом, республикалык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up