Нарындагы илимий китепканада «Эрте келген турналар» повести боюнча талкуу жүрдү

Нарындагы илимий китепканада «Эрте келген турналар» повести боюнча талкуу жүрдү

Билим АКИpress - Ж.Саалаев атындагы илимий китепкананын жамаатынын демилгеси менен Нарын мамлекеттик университетинин жана анын алдындагы Агрардык-экономикалык колледждин студенттери Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасын көркөм окушту.

Адабий кеченин максаты – залкар жазуучу Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинде согуш учурунун катаал шартында бийик адамдык абийирин сактап калган жаш өспүрүмдөр көркөм чагылдырылганын студенттерге терең түшүндүрүү.

Илимий китепкананын директору Г.Кыдыралиева Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы боюнча илимий китепканада өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө кеӊири баяндама жасады. Анын орун басары М.Суранчиева повесть тууралуу кыскача түшүнүк берген видеопрезентацияны тартуулады. Чыгарма боюнча кинотасма тартуу учурундагы жалпыга белгисиз кызыктуу кадрлар жөнүндө айтып берип, кызыктуу баяндама жасалды.

«Ч.Айтматовдун бул чыгармасында ар кандай учурларда, турмуштун оор сыноолорунда рухий бийик сапат, патриоттук сезим адамга кандай таасир берери ачык-айкын көрсөтүлгөн», - деди окутуучу Жылдыз Жеңишбек кызы.

Адабий кечеге студенттер да активдүү катышып, кызуу талкуу жүргүзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up