КТМУда Орто Азия аалымдарынын ислам маданиятына кошкон салымы боюнча симпозиум өтөт

КТМУда Орто Азия аалымдарынын ислам маданиятына кошкон салымы боюнча симпозиум өтөт

Билим АКИpress - 2018-жылдын 10-11-12-октябрь күндѳрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (теология факультети) Түркия Диянет фонду, 19-Май университети, Чет тилдер жана кесиптик карьера университети биргеликте «Орто Азия аалымдарынын ислам маданиятына кошкон салымы» аттуу симпозиум өткѳрмѳкчү.

Симпозиум Орто Азиядан чыккан Ислам аалымдарынын студенттерге билим чөйрөсүнө тиешелүү диний чөйрөсүндөгү инсандарга, ошондой эле аалымдардын аткарган иш-чараларын жана эмгектерин элге жеткирүүнү максат кылат.

Симпозиумдун алкагында «Орто Азиянын Жылдыздары» аттуу даректуу тасма көрсөтүлөт.

Программа:
1. Ачылыш сөзү теология факультетинин деканы, профессор Мустафа Көйлү;
2. КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы;
3. КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмурзаев;
4. Кайа Кузужу «Хожа Ахмет Ясавинин чыгармаларынан тандалмалар» (кыскача баяндама);
5. Симпозиумдун ачылышында профессор Мелек Досай Гөкдоган «Орто кылымдагы Ислам илим тарыхында түрктөрдүн орду» аттуу баяндамасын окуйт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up