Жети-Өгүздө мыкты деп табылган мугалимдер чет өлкөдө эс алышат

Жети-Өгүздө мыкты деп табылган мугалимдер чет өлкөдө эс алышат

Билим АКИpress - Жети-Өгүз районунда, кечээ, 9-октябрда Мугалимдер күнү белгиленип, агартуу тармагындагы мыктылар аныкталды. Бул тууралуу аталган райондук администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага район акими К.Жудеев, КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Усенова жана мугалимдер катышып, агартуу тармагына салым кошкон кызматкерлер сыйлыктарды алышты. Ошондой эле райондун мыктылары аныкталды.

«Жети-Өгүз районунда жалпысынан 40 мектеп бар. Аларда 1 миң 700дөн ашык мугалим эмгектенип, 18 миңден ашуун окуучу билим алат. Ошондой эле райондо 13 бала бакча иштейт.

Билим берүү кызматкерлеринин эмгегин баалап, элге даңазалоо үчүн район аймагындагы билим берүү мекемелери арасында «Мыкты мектеп», «Мыкты бала бакча», «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» номинациялары боюнча кароо-сынак өткөрүлгөн. Сынакты өткөрүү жана уюштуруу үчүн 7 адамдан турган райондук коммиссиянын курамы бекитилип, 40 мектеп менен 13 бала бакчанын ишмердүүлүгү сынакта каралган.

Жыйынтыгында «Мыкты мектеп» номинацы боюнча Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектеби менен Кызыл-Суу айылындагы С.Абдрахманов атындагы орто мектеби жеңишке жетишип, 90 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

«Мыкты бала бакча» номинациясында Кызыл-Суу айылындагы «Наристе» бала бакчасы менен Саруу айылындагы «Нур» бала жеңип, алар да 90 миң сом менен сыйланышты.

Ал эми «Мыкты мугалим» номинациясын Кызыл-Суу айылындагы Э.Гапаров атындагы орто мектебинин мугалими З.Капалова жеңип, чет өлкөгө эс алууга жолдомо утуп алды. «Мыкты тарбиячы» номинациясында жеңишке жетишкен Балтабай айылындагы «Бал таттуу» бала бакчасынын тарбиячысы А.Шукургановага да чет өлкөгө эс алууга жолдомо берилди.

«Кароо-сынакты уюштуруп, өткөрүүгө жалпысынан 500 миң сом каралып, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн», - дешет уюштуруучулар.

Ошондой эле мугалимдерге ЖК депутатынын атынан да сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up