Кара-Таш айыл өкмөтүндө үйлөрдө окуп жаткан окуучулар жаңы мектептүү болушат

Кара-Таш айыл өкмөтүндө үйлөрдө окуп жаткан окуучулар жаңы мектептүү болушат

Билим АКИpress - Өзгөн районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Ж.Малабаев атындагы негизги мектептин курулушу жүрүп жаткандыктан, окуучулар ижарага алынган үйлөрдө билим алышууда. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бактыбек Боркошев билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен 11 млн сом бөлүнүп, 100 орундуу 9 жылдык (9-класска чейин билим берген) мектеп салынып жатат.

«Мектептин курулушу ушул жылдын жаз айында башталган. Мектептин дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылды. Учурда ички шыбактарын жасап жатышат. 15-ноябрга курулушу аяктап, пайдаланууга берилет деп турабыз. Мектепке республикалык бюджеттен 11 млн сом каралган. Учурда окуучулар 2 үйдө билим алып жатышат», - деди ал.

Ал эми аталган мектептин директору Тагайбек Заитовдун айтымында, эски мектеп 1970-жылы курулган. «Эски мектеп 2 имараттан турат. Биринчиси 1970-жылы курулса, 2-имарат 1974-жылы салынган. Мектеп 2004-жылы жараксыз деп табылып, 2005-жылы жаңы мектептин долбоору даярдалган. Быйыл гана бюджеттен каражат бөлүнүп, жаңы мектептин курулушу башталды. Учурда 103 окуучуга үйлөрдө билим берип жатабыз. Биздин мектеп 9 жылдык мектеп болгондуктан, бардык окуучулар эрте менен окушат. 1 кезмет менен гана окуу жүргүзүлөт. Айыл өкмөт тарабынан кышка карата көмүрлөр түшүрүлүп берилди. Ноябрь айында жаңы мектепке киребиз деп күтүп жатабыз», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up