Тажикстандын билим берүү министри Кыргызстанга келет

Тажикстандын билим берүү министри Кыргызстанга келет

Билим АКИpress - Тажикстандын билим берүү министри Нуриддин Саид Кыргызстанга келет. Ал 11-октябрда Бишкек шаарында баштала турган КМШга мүчө мамлекеттердин мугалимдери менен билим берүү кызматкерлеринин Бешинчи съездине катышат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин маалыматы боюнча, аны менен чогуу төмөнкү курамдагы делегация келет:

1. Мухиддинов Кутбиддин — Тажикстан Республикасынын мектепке чейинки жана орто билим берүү башкармалыгынын башчысы;

2. Бобизода Гуломкодир — Тажикстандын Билим берүү академиясынын президенти;

3. Курбонзода Хонали — Республикалык билим берүү кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун ректору;

4. Сафарзода Эхсон - Тажикстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси;

5. Солехов Нурали Назарович — Россия-Тажик (Славян) университетинин ректору;

6. Рачабзода Махмадулло — С.Улугзаде атындагы Тажик мамлекеттик тилдер институтунун ректору;

7. Раббизода Саиди Дилафруз — М.Осими атындагы Тажик техникалык университетинин политехникалык институтунун директору;

8. Махмазода Муродали — Рашт районундагы Тажик педагогикалык институтунун ректору;

9. Исмоилзода Бахром Мансур — Душанбе шаарындагы таланттуу балдар үчүн Президенттик мектеп-интернатынын директору;

10. Сафаров Сохибназар — Рудаки районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы;

11. Ширинов Начмуддин — Рудаки районунун Техникалык билим берүү колледжинин директору;

12. Давлатшоева Рухшона — Душанбе шаарындагы туризм жана сервис кесиптик лицейинин директору;

13. Шералиев Давлат — Дангара районундагы Президенттик мектептин мугалими;

14. Гарданшоева Лайло — Мургабск районундагы №14 жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими;

15. Усмонова Гулнора — Спитамен районундагы жалпы билим берүүчү мектептин мугалими;

16. Исмоилова Манзура — Исмоили Сомони районундагы бала бакчанын тарбиячысы;

17. Сафарова Фотима — Бохтар шаарындагы №12 бала бакчанын тарбиячысы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up