«Бала бакча жылаңач». Бишкекте тарбиячы ата-энелерден акча талап кылууда

«Бала бакча жылаңач». Бишкекте тарбиячы ата-энелерден акча талап кылууда

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №133 бала бакчанын кичи тайпасына барган балдардын ата-энелери Билим АКИpress басылмасына тарбиячыга карата арыздануулар менен кайрылды. Алардын айтымдарында, тарбиячы ар бир ата-энеден 1500 сомдон талап кылууда.

Алар басылмабызга тарбиячы Ж.Б.нын WhatsApp аркылуу жөнөткөн кайрылуусунун аудио жаздыруусун жиберишти. Анда тарбиячы акча талап кылып, чогултулган каражатка кичи тайпанын балдары үчүн килем, сыналгы, идиш, сүлгү, оюнчуктар жана канцелярдык буюмдар сатылып алынарын айткан.

Кайрылгандардын сөзүнө караганда, бала бакчанын тарбиячысы «бала бакча жылаңач» деп, тайпаларда 50дөн бала болуп, аларга оюнчуктар менен идиштер жетишпей жатканын билдирген. «Бул муниципалдык бала бакча. Шаардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын бардык зарыл нерселер менен муниципалитет, тагыраагы Бишкек мэриясы камсыз кылбайбы? Эмнеге калаа бийлиги мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги акча чогултууларга көз жумуп коёт?», - деп сурашууда ата-энелер.

Журналисттер кырдаал боюнча маалымат берүү суранычы менен кайрылганда, №133 бала бакчанын жетекчиси бакча эч нерсеге муктаж эместигин жана камсыз болгонун айтты. Ал эми тарбиячынын аудио жаздырусу тууралуу сурашканда, жетекчи жооп бербестен, телефонду коюп койду.

Тарбиячы Ж.Б. жылына 1500 сом — бул анча чоң эмес сумма экендигин, бирок бул акчага бала бакчадагы балдардын ыңгайлуулугун камсыз кылса болорун айтат. «Улуу тайпада да 900 сомдон чогултушат, аларда баары бар. Бардык мектептерде да акча чогултушат. Мен өзүм мектепке уулум үчүн 4500 сом төлөйм», деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up