«Бизде акча жок, кымбаттуум!» Бишкектин мектепке чейинки билим берүү боюнча куратору бала бакчадагы акча чогултуулар боюнча маалымат берди

«Бизде акча жок, кымбаттуум!» Бишкектин мектепке чейинки билим берүү боюнча куратору бала бакчадагы акча чогултуулар боюнча маалымат берди

Билим АКИpress - Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынан 10-октябрда №133 бала бакчадагы акча чогултууларга карата ата-энелердин арыздануулары боюнча маалымат берди. Мектепке чейинки билим берүү боюнча куратор Чынара Майтикованын айтымында, бала бакчалар тарбиялануучулардын ата-энелеринен жардам сурап кайрылууга аргасыз.

«Азыр бардык бала бакчаларда коомдук фонддор түзүлгөн. Анткени бизде азыр 3 гана статья иштеп жатат: балдардын тамактануусу, коммуналдык кызматтар жана эмгек акы. А Союз убагында 33 статья бар болчу. Калгандары: сыныктар, бала бакчаларды өнүктүрүү, канцелярдык буюмдар, оюнчуктар — ата-энелер фондунун каражатынан. Эгер бир ата-эне козголсо… кечиргиле, бирок мыйзамдар менен эрежелер баарына бирдей.

Бала бакча директорунун фонддун акчасына тиешеси жок, ал болгону билдирмелерди жазат. А биз камсыздабайбыз. Муниципалитет эмерек, тиричилик буюмдары менен гана жабдыйт. Идиштер ата-энелердин каражатына алынат. Бизде акча жок, кымбаттуум! Бардык бала бакчаларды толугу менен камыздоо мүмкүн эмес. Коомдук фонддор ошол үчүн түзүлгөн», - деген пикирин билдирди Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү боюнча куратору Чынара Майтикова.

Анын айтымында, бала бакчаларды акча чогултууга айыптоодо далилдер керек, мисалы, кызмактердин акча алып жаткан жеринен кармалып жаткандагы видеосу. Куратор ата-энелердин жардамы менен гана Союз кулагандан кийин бала бакчалар иштеп калганын белгилеп өттү. «Бала бакчага көмөк көрсөтүү үчүн акча чогултуу чечимин добуш берүү жолу менен ата-энелер кабыл алат», - деп белгиледи Ч.Майтикова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up