Өзгөндө «Айтматов жана тил» фестивалы өттү (сүрөт)

Өзгөндө «Айтматов жана тил» фестивалы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 10-октябрь күнү Өзгөн шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине жана Мамлекеттик тил күнүнө карата «Айтматов жана тил» аталышындагы фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Фестивалга Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринин окуучулары, мугалимдери катышып, залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып, башка тилдүү мектептердин окуучулары мамлекеттик тилди даңазалаган ырларды көркөм окуп, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан монологдорду айтышты. Иш-чарага Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахман Атажанов, Өзгөн шаарынын биринчи вице-мэри Шакир Мамадалиев, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up