Бишкекте АКШнын 8 университетинин катышуусунда эл аралык билим берүү жарманкеси өтөт

Бишкекте АКШнын 8 университетинин катышуусунда эл аралык билим берүү жарманкеси өтөт

Билим АКИpress - EducationUSA ресурстук борбору Бишкек шаарында жылдык эл аралык билим берүү жарманкесин уюштурмакчы. Жарманке К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 14:00дөн 18:00 гө чейин өтөт.

Бул жарманкеде АКШнын ЖОЖдору, Мамлекеттик департамент тарабынан каржыланган стипендиялык жана гранттык программалар жана башка чет өлкөлүк бакалавр, аспирантура жана алмашуу программалары тууралуу кеңири маалымат тартууланат. Жарманке үчүн программалардын өкүлдөрү семинар жана презентацияларды даярдашат. Студенттер, ата-энелер жана мектеп жетекчилери АКШ ЖОЖдорунун өкүлдөрү менен таанышып, эл аралык билим берүү программалары жана чет өлкөдө окуу туурасында толугураак маалымат алууга үлгүрүшөт. Быйыл EducationUSA Борбор Азия сапарынын алкагында алгачкы жолу АКШнын 8 ЖОЖунун өкүлдөрүн чакырууда. Бул иш-чарага бардык каалоочулар үчүн ачык. Катышууга алдын ала катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: https://tinyurl.com/EdFairKG

Маалымдама: EducationUSA – АКШда билим алууга кызыкдар адамдарга арналган АКШ Өкмөтүнүн расмий маалымат ресурсу. EducationUSA болочок студенттер үчүн 170 өлкөдө акысыз кеңеш кызматтарын көрсөтүп, АКШ ЖОЖдоруна окууга тапшыруу жол-жобосунун ар бир тепкичи жана ар бир кадамында жардам берип келет. АКШда 4500 аккредитацияланган окуу жайы бар. EducationUSA кеңешчиси бардык каалоочуларга АКШ ЖОЖдоруна окууга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу менен бирге приоритеттерди иреттештирүүдө жана билим алуу жолун пландаштырууда көмөк көрсөтөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up