Жалал-Абаддагы 9 окуу жайдын студенттери интеллектуалдык таймашта билим сынашты

Жалал-Абаддагы 9 окуу жайдын студенттери интеллектуалдык таймашта билим сынашты

Билим АКИpress - Бүгүн, 10-октябрда Жалал-Абад шаарындагы жогорку, орто жана кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында «Жаштар адам сатууга каршы!» аталышындагы «Билим күчү» интеллектуалдык таймашы өттү.

Маалым болгондой, сынакка Жалал-Абад шаарындагы 9 окуу жайдын 45тен ашуун студенти катышты.

«Мамлекеттик программанын негизинде биз жаштар арасында интеллектуалдык оюн өткөрдүк. Оюндун негизги максаты — жаштарга бүгүнкү күндөгү адам сатууга каршы иш-аракеттер боюнча түшүнүк берүү. Буга чейин тегерек столдорду же чогулуш, жыйналыштырды өткөрүп келгенбиз, бүгүн сынак түрүндө өткөрүп жатабыз. Буйруса, кийинки жылы Токтогул өрөөнүндө атайын жаштар арасында форум өткөрүүнү пландап жатабыз», - дейт ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппараты, социалдык, мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Асел Сансызбаева.

«Адам сатууга каршы 100 күн» акциясы ушул жылдын 10-сентябрынан 12-декабрына чейин өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up